
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2025-жылдын 10-июлундагы босого баллдарды бекитүү жөнүндө буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине ылайык, 2025–2026 окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууда босого баллдар бекитилди.
Босого баллдар мамлекеттик гранттык орундарга тапшыруучулар үчүн да, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формалары үчүн белгиленди. Негизги тесттин (ЖРТ) минималдуу босого баллы — 110 балл.