Иш-чарага Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин ардагерлери, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, Академиянын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Салтанаттуу азем милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин айкелине гүл чамбар коюу менен башталып, андан соң Академиянын саптык аянтында улантылды.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жаш офицерлерге куттуктоо сөзүн жолдоп, төрт жыл мурда курсанттар эл жана мамлекет алдында коомдук тартипти камсыз кылууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө ант берип, чоң жоопкерчиликти өз мойнуна алышкандыгын айтты. Ошондой эле, Академияда алган билимдерин ар кандай кырдаалда туура колдонуп, элге ак ниет кызмат өтөөрүнө ишеним артаарын баса белгиледи.

Мындан сырткары, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

ИИМдин Академиясынын башчысы Азамат Ногойбаев жаш офицерлерди алдыда жооптуу кызмат күтүп турганын белгиледи.
“Өлкөбүздүн бейпилдиги, жарандардын коопсуздугу үчүн ак ниет менен кызмат өтөп, кесипкөйлүктү, мекенчилдикти жана өз ишиңе берилгендикти көрсөтө аласыңар деп ишенем”,- деди ал.

Мындан сырткары, бүтүрүүчүлөрдү ИИМдин ардагерлери жана ата-энелери куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты.

Leave a Reply