Иш-чаранын алкагында жогорку окуу жайлардын ортосунда кызматташтык боюнча Протоколго кол коюлду. Тараптар билим берүү жана илим тармагында өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, билим берүү жана илимий иштер боюнча тажрыйба алмашуу, кадрларды кесиптик тандоо, даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташуу, ошондой эле биргелешкен илимий жана окуу-методикалык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу макулдашты.