ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев иш-мерчемдер боюнча маалыматтарды айтып, өздүк курамга тиешелүү тапшырмаларды койду.

Иш-чаранын алкагында спорттук жана башка коомдук иштерде жетишкендиктери үчүн бир катар кызматкерлер, курсанттар жана студенттер сыйланышты.

2025-жылдын март айында өткөн “Универсиада-2025” мелдешинде Академиянын курсанттары жана студенттери спорттун түрлөрү самбо, кыргыз күрөшү, бокс, эркин күрөш жана шахмат боюнча байгелүү орундарды ээлешкен.

Бул ийгиликтери үчүн алар Академиянын башчысы тарабынан диплом жана медалдар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, спорттук мелдештерде төмөнкү кызматкерлер, курсанттар жана студенттери байгелүү орундарга ээ болушкан:

1-курстун студенти Ханзада Мирбекова – хапкидо боюнча чемпионатында 3-орун
Самбо боюнча:

4-курстун курсанты Аскатбек Соронбаев – 3-орун

4-курстун курсанты Эгемберди Абдулажанов 3-орун

3-курстун студенти Яраслав Малышев – 3-орун
Кыргыз күрөшү боюнча:

1-курстун студенти Жалынбек Абдимажатов 3-орун

2-курстун курсанты Ильич Мейманбеков – 2-орун

2-курстун курсанты – Ноорузбек Нурадинбек уул 3-орун

3-курстун курсанты Баястан Алибаев 3-орун

4-курстун курсанты Эмирлан Абдыжапар уулу 3-орун
Бокс боюнча:

3-курстун студенти Азат Сүйүтбеков 2-орун

1-курстун курсанты Кайрат Тилекматов 2-орун

1-курстун студенти Алмазбек Момбеков 3-орун
Эркин күрөш боюнча:

2-курстун курсанты Темирлан Токонов 2-орун

3-курстун курсанты Султан Жолдошбеков 2-орун

2-курстун студенти Азис Нурланбек уулу 3-орун

1-курстун курсанты Мансурбек Долуев 3-орун

4-курстун курсанты Кайрат Эрмеков 3-орун
Жалпы командалык эсепте Академиянын курама командасы 3-орунду ээлегендиги үчүн команданын машыктыруучусу милициянын капитаны Максат Караев сыйланды.
Шахмат боюнча:

2-курстун студенти Тотухан Тапаев 1-орун.

4-курстун курсанты Акниет Дегенбаев 1-орун

1-курстун курсанты Темирлан Турусбеков 1-орун

1-курстун курсанты Бактияр Турдакунов 1-орун

Жалпы командалык эсепте Академиянын курама командасы 1-орун ээлегендиги үчүн команданын машыктыруучусу милициянын подполковниги Алмаз Абакиров сыйланды.

Мындан сырткары, Академиянын студенти Жазгүл Анварова Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн
«Борбордук Азиянын мыкты студенти» аталып, I даражадагы диплому менен сыйланды.

Ошондой эле, эл аралык илимий иштер боюнча студенттер арасындагы конкурста 2-орунду ээлегендиги үчүн Академиянын студенти Аелина Джумалиева сыйланды.