💕ИИМдин Академиясында 8-Март – Айымдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленип, айымдарга өзгөчө сый-урмат көрсөтүлдү.
🔷Академиянын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев айымдарды куттуктап, алардын коомдогу ролу жана жаш адистерди тарбиялоодогу ордун баса белгиледи:
«Ар бириңиздердин кызматыңыздар Академиянын өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерде чоң ийгиликтерди каалайм. Жашооңуздарды ар дайым жылуулук жана кубаныч коштосун!» – деп куттуктоо сөзүн билдирди.
🏆Майрамга карата өзгөчө жетишкендиктери менен айырмаланган кызматкерлерге сыйлыктар, ыраазычылык каттар тапшырылды.
💐Иш-чара концерттик программа менен улантылып, Академиянын чыгармачыл жамааты жана курсанттар тарабынан майрамдык маанай тартууланды.

