2024-жылдын 13-24-майына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү  Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын  башчылары ИИМдин Академиясында квалификациясын жогорулатуу курсун аякташты.

Курсту ийгиликтүү аяктаган угуучулар менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова жолугуп, сабактардын өтүлүшү, сынактар боюнча пикирлерин сурады.

Андан соң сынактардан өткөн кызматкерлерге тастыктамаларды тапшырып, ар тараптуу ийгиликтерди каалады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *