2022-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында жалпы сапка тизилүү болуп өттү. Иш-чара мамлекеттик гимндин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. ИИМдин Академиясынын начальниги милииянын полковниги Т. Абитов   31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралар убагында коомдук коопсуздукту камсыздоо,   мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти бузбоо жана  жарандарга сылык мамиле кылуу боюнча нускама өтүп, жаңы окуу жылына карата даярдыктарды күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду.  Андан соң, өздүк жана өзгөрүлмө  курамга  ИИМдин буйруктары жеткирилип, иш-чара салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *