2022-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында жалпы академиялык сапка тизилүү болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылган жана ошондой эле 2022-жылдын 7-9-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынындагы делегациялардын жолугушуу иш-чараларын уюштуруп, өткөрүүдө кошкон салымдары үчүн бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Андан соң, өздүк курамга мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо, жолдо жүрүү эрежелерин бузбоо, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу боюнча нускама өткөрдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *