2024-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин курсант кыздары менен жолугушуу өткөрдү.

Окуу жылынын башталышы жана жаңы курсанттар менен жакындан таанышуу, аларга окуу жайдын тартиби боюнча маалымат берүү жана башка маселелерди талкулоо максатында уюштурулду.

Жолугушууда курсант кыздардын окуу жайда жана коомдук жайларда, көчөдө өзүн-өзү алып жүрүү, форма кийүү эрежелери эскертилди.

Leave a Reply