2022 жылдын 8-октябрында “Таза мурас” акциясынын жана мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын имаратында өздүк курам тарабынан имараттын тышкы айланасын тазалооо иштери жүргүзүлдү. Ишембиликке 400дөн ашык кызматкерлер жана курсанттар, студенттер тартылып, имараттын тегерегиндеги дарактардын жалбырактары, таштандылар алынып, арыктар тазаланып, эски куураган бактардын бутактары кесилип ирээтке келтирилди.

Андан тышкары, Лермонтов көчөсүнөн тартып М. Ауэзов көчөсүнө чейин Чуй проспектисин тазалоо иштери да жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *