Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жарандык-укуктук сабактар кафедрасынын доценти, милициянын подполковниги Бекболот Исмадияров Япониянын Токио шаарында өткөн «Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү» темасындагы квалификациясын жогорулатуу курсуна барып келди.

Окуу курсу Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги жана Улуттук полиция башкармалыгы биргелешип, катышуучу – өлкөлөрдүн (20 өлкө) эл аралык терроризм менен күрөшүү алкагында кызмат өтөгөң укук коргоо органдарынын жетектөөчү курамы үчүн уюштурулган.

Кыргызстандан барган ИИМдин Академиясынын доценти Бекболот Исмадияров «Кыргызстанда эл аралык терроризм менен күрөшүү» аталышында доклад жасады.