2024-жылдын 28-март күнү ИИМдин Академиясынын жарандык-укуктук сабактар кафедрасы акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин 2-курсунун студенттери арасында акыл таймаш өткөрдү.

Оюн Жарандык-укуктук сабактар кафедрасынын окутуучуларынын, Окуу инспекциялык башкармалыгынын жана Илимий-изилдөө борборунун катышуусунда болуп өттү.

Студенттер,

«Команданы тааныштыруу-саламдашуу»,

«Реактивдүү оюн»,

«Капитандар таймашы»,

«Тапшырманы чечүү»

раунддарда күч сынашышты.

Жыйынтыгында, 2-курстун 22-группасынын «Правомир» командасы биринчи орунду,

23-группасынын «Закон и порядок» командасы экинчи орунду,

21-группасынын «Гильдия правозащитников» командасы үчүнчү оорунду ээлешти.

Байгелүү орунду ээлеген командаларга уюштуруучулар тарабынан даярдалган кызыктыруучу белектер жана дипломдор тапшырылды.

Андан сырткары «Мыкты капитан» номинациясын К. Суранова, ал эми

«Мыкты оюнчу» номинациясын У. Пирназарова жана А. Мураталиевалар жеңип алышты. Калыстар тобу студенттердин оюнга кызыгуу