3-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттеринин демилгеси менен кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Студенттер Бишкек шаарында жайгашкан Балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо реабилитациялык мамлекеттик борборуна барышып, жуунуучу каражаттарды, памперстерди, сүлгү жана жеке гигиеналык каражаттарды тапшырып келишти. Аталган мекеменин администрациясы ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана студенттерине рахматын айтып, ыразычылыгын билдиришти.