Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Криминалистика, атайын техника жана психология кафедрасы тарабынан 2022-жылдын 1- июнунда “Криминалистика ” сабагы боюнча, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун курсанттары жана студенттери арасында «Брейн-ринг» акыл таймаш оюну уюштурулду.
Оюн 4 этаптан туруп, жыйынтыгында 3-куртсун 33-взводунун «Следопыты» командасы биринчи орунду, 34-взводунун «СОГ » командасы экинчи орунду, үчүнчү орунду 31-групаасынын “Эксперттер” командасы ээлеп, уюштуруучулар тарабынан даярдалган кызыктыруучу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.

Калыстар тобу курсанттар менен студенттердин оюнга кызыгуу менен, жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгын баалап, мындан аркы окууларына ийгилик каалашты