Бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында жалпы саптык тизилүү болуп өттү. Аталган иш-чарада ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов өздүк жана өзгөрүлмө курамга коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо жана күчөтүү боюнча нускама өттү. Андан соң, кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, иш-чара саптык жүрүш менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *