2025-жылдын 9-10-апрелинде Нарын шаарынын билим берүү мекемелеринде маанилүү иш-чара өттү.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Маалыматтык технологиялар жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү кафедрасынын башчысы, милициянын полковниги Мирлан Уметалиев жана ошол эле кафедрасынын профессору, милициянын улук лейтенанты Сагынбек Кадырбеков, техникалык камсыздоо бөлүмүнүн улук тескөөчүсү, милициянын майору А. Бейшенкул уулу Нарын ОИИБдин демилгеси менен мугалимдер жана окуучулар үчүн маанилүү сабактарды өтүштү.

 Бул иш-чара 2025-жылдын 14-февралындагы КР Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык санариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатында уюштурулган.

 Лекциянын негизги темалары:
• Санариптик гигиенанын эрежелери
• Интернеттеги коопсуз жүрүм-турум маданияты
• Кибершылуундардан сактануу жолдору
• Жеке маалыматтарды коргоо жана коопсуздук чаралары

 Алар реалдуу мисалдардын негизинде шылуундардын заманбап ыкмаларын жана андан коргонуу жолдорун түшүндүрүшүп, ар бир жарандын санариптик дүйнөдө өзүн кантип коргоо керектигин жеткиликтүү жана кызыктуу формада айтып беришти.

 Бул окутуу мугалимдерге, өсүп келе жаткан окуучуларга да цифралык доордо жоопкерчиликтүү колдонуучу болуунун маанисин көрсөттү.