Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясы Россия Федерациясынын ИИМдин Санкт-Петербург университетинин жана Омск Академиясынын адъюнктурасынын күндүзгү окуу формасына окууга документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
Конкурска Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамдагы, адистик же магистратура программалары боюнча жогорку юридикалык билими бар кызматкерлери чакырылат.
Талапкерлерди тандоо кесиптик даярдыгынын деңгээлин, илимий жетишкендиктерин жана жеке сапаттарын эске алуу менен конкурстук негизде жүргүзүлөт. Конкурска катышуунун милдеттүү шарттары болуп, эки жылдан кем эмес практикалык же илимий-педагогикалык иш стажынын болушу, ошондой эле билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүрүү жана диссертациялык изилдөөлөрдү даярдоо үчүн зарыл болгон орус тилин жогорку деңгээлде билүүсү саналат.
Документтер ушул жылдын 1-июлуна чейин кабыл алынат. Документтерди тапшырууга байланыштуу бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультетине кайрылыңыздар.
Байланыш телефондору:
Тел.: +996555444967
+996995094609
E–mail: fakultet.4@bk.ru
Дареги: Бишкек шаары, Ч.Валиханов 1а көчөсү