Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 2022-жылдын 21-сентябрында “КРнын ИИОнын кызматкерлеринин кесиптик этикасы: укуктук жөнгө салуу, укук колдонуу практикасы, өркүндөтүү жолдору” темасында окуу-тажрыйбалык семинар уюштурулду. Аталган семинар Бишкектеги Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду. Алгачында ЕККУнун өкүлдөрү ИИМдин Академиясынын ишмердүүлүгү жана имараты, окуу класстары менен таанышып, экскурсия жүргүзүштү. Тажрыйбалык семинарга эксперттер ю.и.к., Россия Федерациясынын полициясынын полковниги, доцент Евгений Черенков, ю.и.к., Литва Республикасынын ички кызматынын полковниги Базылевас Игорис, тарых илимдеринин доктору, профессор, милициянын отставкадагы полковниги Айдаркул Каана, Бишкектеги ЕККУнун Программалык офисинин полиция суроолору боюнча кеңешчиси Константин Бедарев, доцент, милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров жана Академиянын окутуучулук курамы катышышты. Семинардын жүрүшүндө эл аралык эксперттердин жана КРнын экспертинин түздөн-түз жардамы менен КРнын ИИМде кесиптик этиканын деңгээлин жогорулатуу жаатында практикалык кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.КРда кесиптик этиканы жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасы, милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө карата моралдык талаптарды жөнгө салуунун тиешелүү аспектилери, укук колдонуу практикасы, алардын натыйжалуулугун баалоо каражаттары, контролдук функциялардын абалы, кесиптик жана кесиптик ишмердиктин маселелери, адеп-ахлактык тарбиялоо, ошондой эле практикалык сунуштарды иштеп чыгуу максатында чет өлкөлүк полиция түзүмдөрүнүн тажрыйбасы каралып, милиция кызматкерлеринин кесиптик ишмердигинде моралдык компонентти чыңдоого багытталган талкуулар болду. Жыйынтыгында семинардын ар бир катышуучуларына сертификат тапшырылды.