Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Тарбия бөлүмүнүн демилгеси менен поэзия кечеси болуп өттү. Кечеге Евразия Жазуучулар союзунун Кыргызстандагы өкүлү, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты, акын Алтынбек Исмаилов катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө акын өзүнүн ыр саптарын курсанттарга, студенттерге окуп берип, өзү которгон котормолорун да тартуулады.
Кеченин соңку бөлүгү суроо-жооп менен жыйынтыкталып, эң кызыктуу суроо берген курсант, студенттерге акын өзүнүн калемине таандык “Агыш түн” китебин белекке берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *