Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрынан 30-ноябрына чейин ИИМдин Академиясынын Ош шаарындагы факультеттер аралык кафедрасьнын 2,5 жана 3,5 жылдык угуучуларына жеринде сабак өткөрүү уюштурулду.

Угуучуларга Тилге даярдык кафедрасынын башчысы милициянын майору К.Б. Шүкүров “Мамлекеттик тилде иш-кагаздарды жүргүзүү”, Коомдук саясий сабактар жана психология кафедрасынын улук окутуучусу милициянын майору Р.М.Сыдыгалиев “Юриспруденциядагы математика жана информатика”, Уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсүнүн тескөөчүсү милициянын капитаны М.Ж.Карабаев “Кызматкерлер арасында экстремизмди, терроризмди жана родикалдашууну алдын алуу” темаларында лекцияларды өтүштү.

🔸Мындан тышкары Тилге даярдык кафедрасынын башчысы милициянын майору К.Б. Шүкүров Батыралы Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университети өткөргөн “Абсамат Масалиевдин укуктук мамлекетти куруудагы ролу жана орду” аталышындагы аймактык илимий-практикалык конференцияга катышып, сөз сүйлөдү. Иш-чарадан кийин университеттин студенттерине конок лекция өткөрдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *