2023-жылдын 16-октябрынан 27-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Чүй ОИИББнын, Ысык-Көл, Нарын, Талас областык ИИБнын   Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмдөрүнүн улук кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяктап сертификаттарга ээ болушту.

Кызматкерлерге ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы атайын иштетилип чыккан жана бекитилген окуу программалары боюнча тематикалык сабактарды өткөрдү.

Ошондой эле саптык даярдыктан да өтүштү.

Окуу соңунда аталган кызматкерлер компьютердик негизде сынак тапшырып, тастыктамаларга ээ болушту.