Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттарынын арасында “Мурас” темасында интеллектуалдык брейн-ринг оюнунун биринчи туру болуп өттү. Аталган иш-чара Уюштуруу-социалдык, тарбия иштер боюнча бөлүмчөсү тарабынан уюштурулуп, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого, өз эне тилине, маданиятына, тарыхына рухий дөөлөт, байлык катары мамиле кылуусун күчөтүп, кызыгуусун арттырууга багытталган. Сынак Кыргызстандын тарыхы, адабияты, маданияты, тили, үрп-адат, каада – салты жөнүндө суроолорду камтыган. Командалар “Саламдашуу”, “Суроо-жооп”, “Капитандардын таймашы” деген үч тур боюнча ат салышып, оюндун жыйынтыгында эң көп упай топтоп 2-курстун “Саманчынын жолу” командасы алдыга озуп чыкты. Интеллектуалдык оюн бардык катышуучуларга позитивдүү эмоцияларды тартуулап, кругозорун кеңейтүүгө жардам берди.