2025-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.А. Алиев атындагы Академиясында “Кыргыз милициясынын тунгуч генерал-майору (3-рангдагы комиссары) Эргеш Алиевге 120 жыл” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ошондой эле ИИМдин ардагерлери, окумуштуулар, тарыхчылар, курсанттар жана башка чакырылган коноктор катышты.

Иш-чарада Э.А. Алиевдин өмүр жолу, Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу баяндамалар окулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Э.А. Алиевдин мурасы кыргыз милициясынын тарыхында өчпөс из калтырганын белгилеп, анын идеяларын жана адилеттикке болгон бекем принциптерин жаш муунга жеткирүү маанилүү экендигин баса белгилешти.

Белгилей кетсек, аталган конференция укук коргоо тармагындагы илимий изилдөөлөрдү өркүндөтүүгө жана тарыхый мураска болгон урмат-сыйды чыңдоого салым кошту.

Leave a Reply