2026-жылдын 4–5-апрелинде борбор калаадагы «Динамо» спорттук комплексинде Кыргыз Республикасынын юридикалык илимдеринин доктору, милициянын генерал-лейтенанты Болотбек Бердибекович Ногойбаевдин жаркын элесине арналган спорттук иш-чара өткөрүлдү.

Чемпионаттын негизги максаты – дзюдо спортун өспүрүмдөрдүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында жайылтуу, ошондой эле кызматтык-колдонмо спорт түрлөрүн өнүктүрүү аркылуу мекемелер аралык кызматташтыкты жана достукту чыңдоо болуп саналат.
Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов катышты. Ал өз сөзүндө Болотбек Ногойбаевдин кыргыз милициясынын тарыхында калтырган өчпөс изин белгиледи.
Мелдештин жүрүшүндө генерал менен бирге иштеген кесиптештери жана замандаштары сөз сүйлөп, анын адамдык бийик сапаттарын – чынчылдыгын, принципиалдуулугун жана жогорку маданиятын эскеришти.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Болотбек Ногойбаевдин уулу – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев катышты. Ал мелдештин уюштуруучуларына, катышуучуларына жана машыктыруучуларына терең ыраазычылык билдирди.

Эки күнгө созулган кармаштардын жыйынтыгында мыкты спортчулар аныкталды. Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундардын ээлерине тиешелүү даражадагы медалдар, Ардак грамоталары баалуу жана спорттук сыйлыктар тапшырылды.
