2024-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы Академиясынын чоң жыйындар

залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинии “Манас”

эпосун изилдөө жана жайылтуу боюнча Концепциясынын талаптарын ишке

ашыруу максатында, манасчы, Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик

сыйлыктын лауреаты Нурбек Талантбеков менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 1-2-курсунун курсанттары катышып, “Манас” эпосундагы өзөктүү окуялар жөнүндө жана “Манас” эпосунун кыргыз элинин коомдук турмушуна тийгизген таасири жөнүндө суроолорду берип, активдүү катышышты.

Манасчы курсанттарга эпостон үзүндүлөрдү, андагы курал жарактардан тарта кызыктуу окуялар туурасында айтып берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *