Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Э. Алиев атындагы ИИМдин Академиясынын коомдук-саясий сабактар кафедрасы тарабынан 2022-жылдын 25-февралында “Кыргыз туусу – өлкөбүздүн жүзү” аттуу жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучуларынын катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чарага Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекттик маданият жана искусство университеттеринин профессордук-окутуучулары катышышты жана ИИМдин Академиясынын октуучулары катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекеттик символдордун бири болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун коомдогу орду, кыргыз желегинин даражасын көтөрүү маселелери, анын ИИОнун кызматкерлерин адеп-ахлактык, руханий тарбиялоодогу ролу жана ошондой эле кыргыз туусунун эл аралык аренадагы орду тууралуу маселелер кызуу талкууга алынды. Иш-чаранын соңунда катышуучулар ИИМдин Академиясынын окутуучу курамына ыраазычылыгын билдиришип, мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муундарды улуттук мамлекеттүүлүккө сыймыктануу духунда тарбиялоого, Кыргыз элинин тарыхый жана маданий баалуулуктарын коргоого жана улуттук сыймыктын түбөлүк символу катары Мамлекеттик тууну баалоого тарбиялайт деген пикирлерин билдиришти.