Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы милициянын генерал-мвайору Тариель Абитов ардактуу эс алуудагы ардагерлерди удаа келген мааракелери менен куттуктады.

ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Төлөгөн Илимгазиевди 75, Анатолий Дубининди  70 жаш, Чынаргүл Кадырованы 60 жаш жана Чынара Джаркимбаеваны 60 жаш кутман курактары менен куттуктап, Ички иштер министрлигинин “Ардак”, “Кадырман” медалдарын ошондой эле Академиянын атынан куттуктоосун тапшырды.

Башчы, ардагерлерге бекем ден соолук, бакубат жашоо каалап, ардактуу эс алууга чыкса да ИИМдин Академиясынын ишмердүүлүгүнө активдүү катышып, колдоо көрсөтүп келе жаткандары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде ардагерлер, ИИМдин Академиясына мол ийгиликтерди, мындан да жогору денгээлге жетүүнү тилеп, баталарын берип, келечек муунду тарбиялоого ар дайым салым кошууга, кеп кеңештерин берүүгө даяр экендерин билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *