2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы тарабынан «Кыргыз Республикасында жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуудагы көйгөйлүү маселелер» аттуу тегерек стол уюштурулуп, өткөрүлдү.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, «Балдардын укугун коргоо» коомдук фондунун өкүлдөрү, РИИБнын башчыларынын орун басарлары жана ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Тегерек стол Кыргыз Республикасында жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуунун заманбап көйгөйлөрүнө арналып, анын максаты – илимий изилдөөлөрдүн маалыматтарын жана укук колдонуу практикасын жалпылоонун негизинде бул көйгөйлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Тегерек столдун жүрүшүндө алынган маалыматтар жаш окумуштуулар үчүн да, кызматкерлер үчүн да пайдалуу болмокчу.