1-сентябрь – Билим күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын саптык аянтында, ардагерлердин катышуусунда майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, өздүк курамды жана курсанттарды жаңы окуу жылы менен куттуктады.

Ал билимдин маанисин, ички иштер органдарындагы кызматтын жоопкерчилигин жана тартиптин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Сиздер тандаган жол — элге жана мамлекетке кызмат кылуу милдети.

Ар бириңиздерден мыкты билим, жоопкерчилик жана Мекенге ак ниет кызмат кылуу талап кылынат,” — деди Академиянын башчысы.

Мындан сырткары, КРнын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы отставкадагы милициянын полковниги Бакыт Сеитов билим күнү менен куттуктап, курсанттарга окуудагы ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, Академиянын Ардагерлер кеңешинин төрагасы отставкадагы милициянын полковниги Төлөгөн Илимгазиев сөз сүйлөп, окуу жайдын тарыхына токтолду.

Салтанаттын жүрүшүндө, окуу жылында ийгиликтерге жетишкен курсанттарга жана окутуучуларга Ардак грамоталар, медалдар жана баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чара саптык жүрүш менен аяктады.

Leave a Reply