2025-жылдын 20-августунда квота боюнча чет мамлекеттердеги ИИМдин Академияларына кабыл алынган курсанттар мекенинде ант беришти.
Салтанаттуу иш-чарага ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, Академиянын өздүк курамы, ардагерлер, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.
Окууга кабыл алуудагы атайын сынактардан жана жаш жоокерлердин курсунан ийгиликтүү өткөн курсанттар Ата Мекендин алдында салтанаттуу ант берип, милициянын катардагысы наамына ээ болуу менен кызматка болгон алгачкы кадамдарын аткарышты.


Ант берген курсанттарды ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев куттуктады.
«Бүгүн силер үчүн унутулгус күндөрдүн бири. Анткени мамлекетке кызмат өтөөгө чечим кабыл алып, ант бердиңер. Ант – бул жөн гана салтанат эмес, анын ар бир сөзүнүн артында чоң жоопкерчилик жатат. Силер чет өлкөдө билим алуу менен бирге мамлекеттин өкүлү катары толугу менен жеке жоопкерчиликти аласынар. Мекенди сүйүү, өлкөнүн кызыкчылыктарын жана коркунучтардан аң-сезим менен коргоо – бул ар бир кызматкердин негизги принциби болушу керек.», – деди ал.
Ошондой эле, башчы белгилегендей, чет мамлекеттерде билим алуу ички иштер органдарынын жаш адистеринин даярдыгын жогорулатып, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң салымын кошот.
«Чет мамлекеттерде алган билимиңер жана практикалык даярдык – келечекте ички иштер органдарындагы ишиңиздерде бекем пайдубал болот деп ишенем. Сиздерге чың ден соолук, талыкпаган эмгек жана ийгиликтерди каалайм!
Ары татаал, ары жооптуу кызматта дайыма жакшы саамалыктар коштоп жүрсүн!», – деди Азамат Ногойбаев.
Андан соң курсанттарды ата-энелери жана жакындары куттуктап, кең келечек каалашты.

Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү курсанттар чет мамлекеттердеги окуу жайларга жөнөп, жаңы билим жолун башташат.
