Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультети  Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын, укук коргоо, фискалдык органдардын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Сот системасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерин (аттестацияланган жана жалданма курамын) жана бакалавр дипломуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын магистратура багыты боюнча билим алууга чакырат.

Академия “Юриспруденция” багыты боюнча “магистр” квалификациясын ыйгаруу менен төмөнкү багыттарда билим берүү жүргүзөт:

  • окуу мөөнөтү күндүзгү окуу формасында – 2 жыл (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);
  • окуу мөөнөтү сырттан окуу формасында – 2,5 жыл (Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын, укук коргоо, фискалдык органдардын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Сот системасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери үчүн).

Талапкерлер төмөнкү документтерди 2024-жылдын 1-сентябрына чейин тапшыруулары зарыл:

  • Академиянын башчысынын атына жетекчисинин уруксааты менен билдирме (арыз);
  • кадрлардын каттоосу боюнча өздүк баракча;
  • өмүр баян;
  • билими жөнүндөгү документтин көчүрмөсү (“бакалавр” квалификациясы ыйгарылган билими жөнүндөгү дипломдун);
  • №0,86 медициналык маалымдама;
  • 3х4 – 4 даана сүрөт;
  • Мамлекеттик кызматта кызмат өтөбөгөн жарандар Кыргыз Ресчпубликасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндөгү маалымкат;
  • Окуу көктөмөсүн түзүү үчүн көктөмө жана конверт.

Акы төлөөсү 1 жылга – 23000 сом (жыйырма үч миң сом).

Байланыш телефондору: 0995858557, 0705772525.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *