8-февралда Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында Израиль мамлекетинин КМШ жана Балтика өлкөлөрүндөгү Улуттук коопсуздук министрлигинин жана полициясынын өкүлү Паул Тимовский жана администрация башчысынын жардамчысы, МАШАВ курсунун координатору Артур Гавлиев менен Академиянын жетекчилиги жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариэль Абитов келген конокторго ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары үчүн адистерди даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча жана ошондой эле  илимий кадрларды даярдоо жаатында Академиянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор Израил мамлекетинин Улуттук коопсуздук министрлигинин жана полициясынын ишмердүүлүгү жана полиция кызматкерлерин базалык даярдоону, квалификациясын жогорулатууну да камсыз кылган Израил мамлекетинин ИИМдин Академиясынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында активдүү талкуу болуп, тараптар кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашып, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн билим берүү тармагында жемиштүү кызматташууну өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарын белгилешти. Иш-чаранын соңунда конокторго ИИМдин Академиясы жана “Даңк” музейи боюнча экскурсия уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *