2023-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясында эртең мененки тизилүү учурунда өздүк курамдын саптык даярдыгы текшерилди.

            ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Кылыч Кадыркулов кызматкерлердин форма кийүү эрежелеринин сакталышын, күбөлүктөрдүн жана жетондордун, ошондой эле чөнтөктө болуучу каражататтардын бар-жоктугун текшерди.

            Саптык кароо, салтанаттуу жүрүш менен аяктады. Андан соң кызматкерлер өз милдеттерин аткарууга киришишти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *