2024-жылдын 21-ноябрында административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын чоң жыйындар залында 3-курстун курсанттары үчүн “Укук бузуулардын алдын алууда чечендик өнөрдүн ролу” деген темада «ANG BEST TRENING» билим берүү борборунун окутуучусу Владимир Михайлович Мажуганын конок лекциясы уюштурулду.
Анда курсанттар чечендик өнөрдүн негиздери жана анын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү ролу менен тааныштырылды.