2-ноябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына 2011-жылы бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү келип, курман болгон курсташтары Никита Кущ менен Эдил Такырбашевдин элесине арнап куран окутушту. Иш-чарага курман болгон курсанттардын энелери, жакындары да катышты. Жалпы курсташтарынын атынан каза болгон курсанттардын энелерине материалдык жардам көрсөтүлүп, 1-2-курстун курсанттарына түштөндүрүү уюштурулду.
Андан соң, бүтүрүүчүлөр КР ИИМдин Академиясындагы “Бүтүрүүчүлөр аллеясына” балаты отургузушуп, Академиянын музейи менен да таанышып чыгышты.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/312816099_5689213087825308_4307398247875219062_n-1024x768.jpg)
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/313422298_5689213104491973_6290709867730531437_n-1024x768.jpg)
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/312098997_5689213201158630_8834467594577978347_n-1024x768.jpg)