2024-жылдын 12-июнунда КыргызРеспубликасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясына Казакстан Республикасынын ИИМдин Шракбек Кабылбаев атындагы Костанай Академиясынын башчысы, полициянын генерал-майору Акынкалый Дарменов жетектеген делегациясы келди.

Конокторду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Нурия Мамаматазизова жана бөлүмдөрдүн башчылары тосуп алышты.

Иш сапардын максаты практикалык кызматташтыкты бекемдөө жана жазык укугу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо жаатында тажрыйба алмашуу, ошондой эле Академиянын жетекчилиги менен жеке таанышуу уюштурулду. 

Иш сапардын алкагында КазакстандынИИМдин Костанай Академиясынын өкүлдөрү окуупроцессинин уюштурулушу, материалдык-техникалык базасы жана музей менен таанышып, ал эми Акынкали Дарменов ИИМдин Академиясынын ардактуу меймандардын китебинде каалооло тилектерин калтырды.
 
ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *