2025-жылдын 24-июнунда Астана шаарында Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Салтанатка Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев катышты.

Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын башчысы Азамат Ногойбаев “Жаңы форматтагы жетекчилер” аттуу илимий форумга катышып, анда укук коргоо тармагында башкаруу кадрларын даярдоонун заманбап ыкмалар талкууланды. Илимий форумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы менен Казакстан Республикасынын Башкаруу академиясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлду. Мындай келишим эки билим берүү мекемесинин ортосундагы илимий жана билим берүү тармактарындагы өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн укуктук негиз болуп берет.

Leave a Reply