3-декабрь Эл аралык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү. Бул күнгө карата ИИМдин Академиясында алдын-ала даярдыктар көрүлүп, өздүк курам акча каржатын чогултуп, курсанттар ыр, бийлерин камдай башташат.
30-ноябрда курсанттар Красная речка айылындагы балдар интернатынын жана Беловодск айылындагы балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин тарбиялануучуларына концерттик программа тартуулап, белек бечкектерди берип келишти.
«Калкыбыздын аярлуу катмарына өзгөчө көңүл бөлүп, алардын маанайын көтөрүп туруу инсандык жогорку сапаттардын бири. Ошондой эле, келечектин жаштарын тарбиялоодо мындай иш-чаралар жакшы таасирин берет» – деди ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын полковниги Гүлайым Алгочонова.
Ал эми курсанттар аз да болсо бөбөктөрдүн көңүлүн алып, жакшы маанай тартуулагандарына бир эсе кубанса бир эсе кейип, маанайлары түшүп, аларды аяп, кучактап, эркелетип жатышты.