2026-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы окуу жай катары өзүнүн жогорку “Академия” макамына ээ болгондугунун 26 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын жетекчилиги, Академиянын мурдагы башчылары, ардагерлери, өздүк курамы жана башка меймандар катышты.
Мааракелик иш-чара кыргыз милициясынын тунгуч генерал-майору Эргеш Алиевдин эстелигине гүлчамбарларын коюу менен башталды.
Салтанаттуу иш-чара Академиянын чоң жыйындар залында улантылып, Академияны түптөөгө өз салымдарын кошуп кеткен ардагерлер окуу жайдын тарыхы жана басып өткөн жолу тууралуу айтып берип, ийгиликтерди каалашты.
Ошондой эле, алар окуу жайга белектерин тапшырып, мындан ары өнүгүү жолуна кеңештерин беришти.
Белгилей кетсек, мындан 57 жыл мурун негизделген милициянын кесиптик орто мектеби Ички иштер министрлигинин сапаттын стандарты жана кадрлардын чыныгы устаты болуп, улам жогорку баскычтарды багынтып, билим берүү тармагында жигердүү жана жемиштүү аракети менен 2000-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жогорку даражасына ээ болуп, ага Кыргыз милициясынын тунгуч генерал-майору Эргеш Алиевдин ысымы ыйгарылган.
Ошондон тартып ички иштер органдарына “Укук коргоо ишмердүүлүгү”, башка күч түзүмдөрүнө “Юриспруденция”, ошондой эле магистратура, адъюнктура, докторантура багыттарында билим берүүнүн эң жогорку баскычтарында кадрларды даярдоону жүргүзүп келе жатат.
Окуу жай азыркы талаптарга, стандарттарга шайкеш келген материалдык-техникалык, окуу-методикалык базасын бекемдеп, эл аралык кызматташтыкты да күндөн-күнгө кеңейтип, жигердүү иштерди аткарып келет.