2025-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында 2025-жылдын 9 айында аткарылган ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Академиянын жетекчилиги жана түзүмдөрдүн башчылары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө генерал-майор Адылбек Бийбосунов окуу жайдын 9 ай аралыгындагы ишмердүүлүгү менен кеңири таанышып, ар бир багыт боюнча жетишкендиктерди белгилеп өттү.
Ошондой эле, Академиянын билим берүү, илимий жана тарбиялык иштердеги көрсөткүчтөрүнө токтолуп, сапатты жогорулатуу, дисциплинардык тартипти чыңдоо жана билим берүү процессинде заманбап ыкмаларды кеңири колдонуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, Академиянын кызматтык даярдык, илимий-изилдөө, коомдук жана эл аралык кызматташтык тармактарындагы иштери талкууланып, кетирилген кемчиликтер жана мындан аркы милдеттер белгиленди.
ИИМдин Академиясынын 9 айында аткарган кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өттү
