2025-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосуновдун катышуусунда өткөн жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Жыйынга ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, башчынын орун басарлары жана түзүм башчылары катышышты.

Кеңешмеде Адылбек Бийбосунов ИИМдин Академиясынын жыл ичинде аткарган ишмердүүлүгүнө өзүнүн баасын берип, жаңы 2025-жылга бир катар тапшырмаларды аткарууга буйруду.

Анда, окуу жайдын ИИОго кадрларды сапаттуу жана жогорку деңгээлде даярдоо боюнча министрдин тапшырмаларын дыкат аткаруу, жаңы багыттагы технологиялар жана методдор менен окутуу, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана башка окуу жана тарбия иштерине байланыштуу тапшырмалары берилди.

Leave a Reply