Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги Россия Федерациясынын ИИМдин Краснодардагы университетинин өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү жана тажырыйба алмашуу максатында уюштурулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов жолугушууну ачып жатып, Академиянын окуу процессинин уюштурулушу, өзгөчөлүтөрү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки окуу жайдын адистерди даярдоо жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу процессин уюштуруу боюнча бири-бирине маалымат беришти.Ошондой эле өнөктөш окуу жайлардын базасында ишке ашырылып жаткан профессордук-окутуучулук курамдын өз ара квалификациясын жогорулатууну уюштуруу – жолугушуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн маанилүү маселе болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *