ИИМдин Академиясынын студенттери студенттик конференцияда сыйлыктарга ээ болушту
2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын юридикалык академиясы Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, ошондой эле прокуратура органынын түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Азыркы шарттарда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын ролу» темасында жогорку окуу жайлар аралык студенттик конференция өткөрдү.
Аталган конференцияга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 4-курсунун студенттери катышып, атайын номинацияларда мыктылыгын көрсөтүү менен байгелүү орундарга жана ээ болушту.
«Прокуратура аракетте: Жарандык жана кылмыш ѳндүшүндѳ укуктарды жана эркиндиктерди козгоо» темасындагы доклады менен студент Нуриза Камчибекова «Мыкты оратор» номинациясын;
«Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги: КМШ мамлекеттеринин прокуратураларынын ишинин жүрүшү жана кызматташтыгы» доклады менен студент Артык Кожобеков «Мыкты доклад» номинациясын;
«Прокуратура жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу, жана координациялоочу орган катары кылмыштуулук менен күрөшүү» доклады үчүн студент Кадыр Муратбеков «Мыкты доклад» номинациясын;
«Жарандык сот өндүрүшүндѳ прокуратуранын ролу» доклады менен студент Кумарбек Махмудов, «Прокуратура органдарынын тарыхы жана өнүгүүсү» доклады менен студент Фируза Эрмекбаева жана “Жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын ролу» доклады менен студент Сумая Токтосунова сертификаттарга ээ болушту.
Студенттерди өткөрүлгөн илимий иш-чарага Жарандык-укуктук сабактар кафедрасынын профессору, милициянын подполковниги Нурила Табалдиева даярдаган.