Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын курсанттары жана студенттери Илим күнүнө арналган “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелери” темасында Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультети тарабынануюштурулган ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясына катышып келишти.ИИМдин Академиясынын Күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун студенти Зандай кызы Жанара “Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча сактоо келишиминин өзгөчөлүктөрү” темасындагы доклады жана 3-курстун курсанты Сүйүнбек Нурдинов “Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин конституциялык негиздери” темасындагы доклады үчүнчү орунга ээ болуп, дипломдор менен сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *