Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан окуу жана магистратура факультетинин кызматкерлери жана студенттери кезектеги маанилүү иш-чараны өткөрүштү.

Бул сапар 24-март Элдик революциясынын 21 жылдыгына жана 7-апрель Элдик революциясынын 16 жылдыгына карата уюштурулду.

“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өлкө эркиндиги үчүн жанын берген баатырларга куран окулуп, эскерүү иш-чарасы өттү.

Быйылкы иш-чаранын өзгөчөлүгү — студенттер мемориалдык комплекстин аймагында көчөт отургузуу акциясын өткөрүштү.

Бул демилге аркылуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаратылышты коргоого жана көрктөндүрүүгө өз салымын кошушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Академиясынын коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасынын улук окутуучусу, милициянын капитаны Медетбек Алымбек уулу тарыхый окуялар боюнча маанилүү маалыматтарды берди.

Leave a Reply