2024-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын жазык-процесс кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы 2024-2025-окуу жылынын башталышында Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматына барып келишти.


Жолугушуу окуу процессине пайдалуу маалыматтарды топтоо, тажрыйба алмашуу, ошондой эле тергөө кызматындагы жаңы тартиптер жана талаптар туралуу жеринде таанышуу максатта уюштурулган.


Ошондой эле Академиянын окутуучулары “Таза тергөө” автоматташтырылган маалымат издөө тутуму менен иштөө боюнча кошумча, кеңири маалыматтарга ээ болушту.