2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында жыл жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасы болуп өттү.
Узап бара жаткан 2025-жылы өздөрүнүн кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарып, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, коомдук коопсуздукту сактоого, ошондой эле окуу жайдын ар тараптуу өсүп өнүгүүсүнө кошкон кызматкерлерди аныктоо үчүн “Жылдын мыктысы” сынагы өткөрүлүп, атайын бекитилген комиссиянын чечими менен мыктылар аныкталды.
Мыктыларды ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев куттуктап, ардак ленталары, диплом менен сыйлады.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө окууда, илимий, коомдук жана спорттук жактан ийгиликтерге жетишүү менен Академиянын аброюн жогорулатууга салымдарын кошуп келген курсанттарга төш белгилери тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чара, бүтүрүүчү курстун курсанттарынын коштошуу концерттик программасы менен аяктады.