Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу сапка тизилүү болуп өттү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/312048167_5686057648140852_3550942198376932998_n-1024x768.jpg)
ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т.Абитов өздүк курамды майрамы менен куттуктап, элдин ишенимин бийик тутуп, өлкөгө ак ниет кызмат кылып жаткан ар бир кызматкерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине ийгилик каалады. Андан соң, өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон салымдары үчүн жана ошондой эле, 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата Ички иштер министринин буйругунун негизинде бир катар кызматкерлерге медалдарды, төш белгилерди, грамоталарды тапшырды.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/312779228_5686058138140803_3528514112753098003_n-1024x768.jpg)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн ИИМдин Академиясынын 6 кызматкери Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тил” төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйланды.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/312719316_5686057851474165_4418549735686899374_n-1024x768.jpg)
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын буйругу менен окууда, спортто, коомдук иштерде, коомдук тартипти сактоодо, ошондой эле 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата бир катар курсанттарга “Билим, мыйзам, намыс” төш белгиси, Ардак грамоталары тапшырылып, алкыш жарыяланды.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/312831200_5686058028140814_8643241009450201384_n-1024x768.jpg)
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен ИИМдин Академиясынын медициналык кызматынын кызматкерлерине “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамоталары ыйгарылды.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/312407294_5686057884807495_247992259488641402_n-1024x768.jpg)
26-28-октябрь күндөрү Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата өткөрүлгөн ИИМдин Динамиадасында жеңишке жетишкен кызматкерлерге жана курсанттаргы сыйлыктар тапшырылды.