2024-жылдын 11-июлунан 14-июлуна чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынында көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин аскер кызматкерлери арасында XVI спартакиадасынын алкагында «Аскердик кармашып урушуу» боюнча чемпионат болуп өттү. 

Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү, ИИМдин Академиясынын 3-курсунун курсанты Асанов Айдин катышып 3-орунду ээлеп “Кыргыз Республикасынын спорттун чебери” даражасын аткарды.

Мелдешке Казахстан, Белоруссия, Кыргызстан, Россия жана Өзбекистандан аскер кызматкерлери катышкан.

Жалпы эсепте Кыргыз Республикасынын курама командасы 3-байгелүү орунга ээ болду.

Мелдештин алдында өлкөнүн курама командасы 15 күндүк машыгуу сборунан өтүп, спортчуларды Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурлан Байкулов, Кыргыз Республикасынын башкы машыктыруучусу Нияз Усманов, Сергей Дубов  жана  ИИМдин Академиясынын дене тарбияга даярдык кафедрасынын окутуучусу милициянын майору Сариев Бакытбек даярдыктан өткөрүшкөн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *