2024-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын жаңыртылган имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Окуу жайдын имараты бир нече жылдар мурун салынып, андан бери мындай масштабдуу оңдоп түзөөдөн өтө элек болчу.

​Буга чейин имараттын ички жасалгалары оңдолуп, окуу класстары, кызматтык кабинеттер жаңыртылып, санариптештирүүнүн алкагында панелдик доскалар, лэд экрандар жана заманбап компьютерлер алынып, атайын окуу борборлору ачылган.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар сапаттуу билим берүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, кызматка болгон кызыгууну жана жөндөмдүүлүктү арттыруу максатында жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле жаңыланууга болгон аракеттер ааламдашуу процессине ылайык өсүп келе жаткан муунга замандын талабына шайкеш келген билим жана тарбия берүү шарттарын түзүүнү көздөп келет.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков баш болгон ички иштер министрлигинин жетекчилик курамы, генералдар, ардагерлер жана башка ардактуу коноктор катышышты.